• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда КРВИ менен сасык тумоонун өсүшү байкалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 27-марттан 2-апрелге чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 5 миң 289 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык мезгил башталгандан тарта жалпысынан курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 224 миң 332 учуру катталган.

“Өткөн жумага салыштырмалуу өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 28,6%га өстү”, - деп айтылат маалыматта.

Калк арасында күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-марттан 26-мартка чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 3 миң 590 учуру катталган.

Пикир

Оставить комментарий