• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда КТБлар жана паспорт бөлүмдөрү 1-7-январь күндөрү иштебейт

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигнин басма сөз кызматы билдирет.

Республикадагы КТБлар жана Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрү (паспорттук бөлүмдөрдүн) 8-январдан тарта кадимки режимде иштеп, калкка кызмат көрсөтө баштайт.

Бүгүн, 29-декабрда пилоттук долбоордун алкагында Бишкектеги эки КТБ саат 20:00гө чейин иштейт. Алар:

  • Бишкек шаарынын Жибек-Жолу пр.,
  • 381, Нуркамал Жетишкаева көч. 29.

Ал эми 30-декабрда “Азия Молл” соода борборундагы (Ч.Айтматов пр. 3) жана “Глобус” гипермаркетинде (Чүй пр., ЖЭБдин каршысында) жайгашкан кичи Калкты тейлөө борборлору саат 10:00дөн 19:00гө чейин жана 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан боюнча 36 ири жана 5 кичи Калкты тейлөө борбору иштеп жаткандыгын эске салат. Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн кезекке жазылса болот. Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана Түндүк тиркемесинде 150дөн ашык кызматтарды түз телефонуңуздан ала аласыз.

Ведомство Калкты тейлөө борборуна келүүдөн мурун 119 Call-борборунан кеп-кеңеш алууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий