Кыргызстанда кумшекердин жетиштүү кору бар

Экономика 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Россия кумшекерди экспорттоого тыюу салды. "Кошой" кант заводунун директорлор кеңешинин төрагасы — "Кайыңды кант" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев журналисттерге республикада кумшекердин канча кору бар экенин айтып берди.

Анын айтымында, азыркы учурда республикада өзүбүздүн 50 миң тонна жана импорттоочулардын 30 миң тонна, ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда дагы кумшекер бар.

"Кыргызстанга бир жылда 70 миң тонна кумшекер керектелет, ал эми азыр бизде бардык корду кошкондо 105 миң тоннага жакын кумшекер бар. Суроо-талап жана керектөөнүн мындай айырмасы менен азырынча базарда абал тынч. Мындай көлөм бизге жаңы жылга чейин жетет, андан кийин жаңы түшүм болот", - деди Алтыбаев.

Ошондой эле ал россиялык кумшекердин квотасы 28 миң тоннаны түзөрүн, учурда өзүбүздүкү жетиштүү болгондуктан азырынча бир дагы тонна алына электигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий