• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда курулуштардын сапаты жана мыйзамдуулугу тыкыр көзөмөлдөнүүдө – Орунтаев

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин сапатына жана мыйзамдуу салынышына күчөтүлгөн тартипте көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган объектилердин интерактивдүү картасы жана реестри иштеп жатат. Ал эми Мамкурулуштун сайтында Бишкекте курулуп жаткан 26 мыйзамсыз объектинин тизмеси жарыяланган.

"2023-жылы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан 2 миң 700 текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 44 млн 668 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ал эми ушул жылдын январынан июль айына чейин 751 протокол түзүлүп, 36 млн сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий