Бишкек, 25.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргызстандын курулуш тармагы Евразия экономикалык комиссиясынын акыркы маалыматына ылайык 31,1% өскөн. Бул тууралуу КР Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы өлкөдө 2 млн 27 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, советтик мезгилдеги курулуштун эң жогорку стандарттарынан ашты.
"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 1985-жылы Кыргыз ССР учурунда 1 млн 96 миң, 1990-жылы 1 млн 560 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, бул эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелген. Учурда социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу аркылуу аймактарда инфраструктураны өнүктүрүү максатында быйылкы жылга бекитилген тизмеге ылайык 554 объектке 25,4 млрд сом каралган. Анын 11,6 млрд сому учурдагы каржылоону түзөт", - деди Орунтаев.
Ошондой эле, быйыл Мамлекеттик курулуш агенттиги негизинен социалдык объектилерди курууга, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө жана курулуш секторуна капиталдык салымдарды көбөйтүүгө көңүл бургандыгы кошумчаланды.
Пикир
Оставить комментарий