Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыгат.
Документке ылайык, мугалимдерди аттестациялоону киргизүү алардын педагогикалык чеберчилигинин өсүшүн, чыгармачыл активдүүлүгүн шыктандырууну, алардын кошумча, үзгүлтүксүз билим берүүсүн камтыйт, бул өз кезегинде жалпы билим сапатынын жогорулашына, ошондой эле мугалимдик кесиптин кадыр-баркынын өсүшүнө таасирин тийгизет.
КР өкмөтүнүн токтомунун долбоору мугалимдерди аттестациялоону киргизүү менен мугалимдерге төмөнкү квалификациялык категорияларды ыйгаруу каралат: «Экинчи категориядагы мугалим», «Биринчи категориядагы мугалим», «Жогорку категориядагы мугалим».
2016-жылдын 11-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 439 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун негизинде 2016-жылы мугалимдерди аттестациялоо 30 пилоттук инновациялык мектептин базасында апробацияланган.
Апробациянын жыйынтыгы боюнча республиканын инновациялык мектептеринин 506 мугалими аттестациядан өтүп, аттестациялык комиссиянын чечими менен төмөнкү квалификациялык категориялар ыйгарылган:
- 92 мугалимге – жогорку;
- 209 мугалимге – биринчи;
- 205 мугалимге – экинчи.
2020-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы №648 «Жалпы билим берүү уюмдардын мугалимдеринин квалификациялык категориясына үстөк акылар жөнүндө» токтому күчүнө кирген, анын негизинде жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жумасына бир сааттык сабактын эмгек акысы үчүн квалификациялык категорияга төмөнкүдөй ай сайын берилүүчү үстөк акылар белгиленген:
- жогорку категория үчүн – 2000 сом;
- биринчи категория үчүн – 1500 сом;
- экинчи категория үчүн – 1000 сом.
Анын негизинде 506 мугалимге айлык маянасына 1000 сомдон 2000 сомго чейин кошумча акы төлөнгөн.
Апробациянын натыйжалары жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине категория берүүдө коррупциялык схемаларды минималдаштыруу үчүн, ыктыярдуулук, татаалдык, ачыктык жана объективдүүлүк принцибинде маалыматтык технологияларды колдонуп сертификаттоону жүргүзүү үчүн, жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин ишине заманбап талаптарды коюну эске алуу менен жаңы басылыштагы Жобону иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөттү.
Пикир
Оставить комментарий