• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда "Квантариум" балдар технопаркынын мастер-класстары өтөт

Билим 0

Бишкек, 17.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. 23-27-сентябрда Бишкек, Кара-Балта жана Токмок шаарларында 5-11-класстын окуучулары үчүн Россиянын "Квантариум" балдар технопаркынын мастер-класстары өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү иш-чарасы КамАЗ унаасынын базасында түзүлгөн көчмө лабораториянын жардамы менен өткөрүлөт.

Катышуучуларга виртуалдык реалдуулук, авиамодель жана учкучсуз учуучу аппараттар, робототехника, геомаалымат таануу жана картография, 3D моделдөө, космостук технологиялар жана санарип дизайн боюнча мастер-класстар көрсөтүлөт.

Ошондой эле балдар жогорку технологиялар тармагындагы жаңы продукциялар менен таанышып гана тим болбостон, өз долбоорлорун түзүүдө бул жетишкендиктерди кантип колдонууну үйрөнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий