• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди деп айтууга болот – Боронов

Ден соолук 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди деп айтууга болот. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында КР премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан 1500 кычкылтек концентраторлору сатылып алынды. “Анын 1300ү алынып келип толук кандуу иштөөдө, ал эми 200ү эртең келет. Ошондой эле буга чейин өлкөдө 700 концентратор колдонулуп келген”, - деди ал.

Боронов кошумчалагандай, учурда гуманитардык жардам, тыштан келген программалардын эсебинен алынган концентраторлорду кошкондо, өлкө боюнча 3 миңден ашуун кычкылтек концентраторлору бар.

“Ошондой эле биз Кытайга дагы 1000 кычкылтек концентраторуна буюртма бердик, мындан сырткары Катардан 400 концентратордун жардам катары келүүсү күтүлүүдө”, - деп баса белгиледи премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий