• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо кызуу жүрүүдө

Экономика 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Маалыматка ылайык, жалпысынан республика боюнча 888 комбайн иштеп жатат. Кылкандуу дан эгиндеринин 251,3 миң га, же 51,3 %ы оруп жыйналды.

Башкача айтканда, бул орточо түшүмдүүлүгү 29,0 ц/га түзүп, өткөн жылдан 12,0 центнерге көп болууда. Жалпы дүң жыйымы бункердик салмак менен 726,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 329миң тоннага көп топтолду.

Буудай жыйноо иштери 128,9 миң га аянтта, же 42,2 % жүргүзүлүп, өткөн жылдан 14,6 миң га көп жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү – 30,6 ц/га болуп, былтыркы жылга караганда 11,4 ц/га көп. Түшүмдүүлүк Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарында 32,0-33,0 ц/га болууда. Ал эми дүң жыйым – 395,0 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдын деңгээлинен 175,0 миң тоннага көп болду.

Арпа республика боюнча 122,4 миң га аянтта жыйналды, же жалпы аянттын 49,1% түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,4 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк -27,1 ц/га түзүп, өткөн жылдан 12,0 ц/га көп. Дүң жыйым 331,3 миң тонна топтолуп, былтыркы жылдан 153,2 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй, Талас облустарында гектарынан 28,5 центнерден алынууда.

Картошканы жыйноо кызуу жүрүп жатат. Жалпы 66,4 миң га аянттын 8,6 миң га же 13,0 % казылып алынып, орто түшүмдүүлүк 162 ц/га түзүп, өткөн жылдан 1,3 ц/га көп болууда. Дүң жыйым 129 миң тоннаны түздү. Ал эми Чүй облусунун картошка өстүргөн дыйкандары гектарынан 173 центнерден түшүм алынууда.

Быйылкы жылы жашылча өндүрүүчүлөр жакшы жыйынтыктарга жетишип, жалпы дүң жыйымы -345,3 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга карата 43,0 миң тоннага көп жыйналды.

Ошондой эле бахча өстүрүүчүлөр да жакшы эмгектенишип, жалпы дүң жыйымы 136,9 миң тоннага жетип, өткөн жылдан 28 миң тоннага көп жыйналды.

Пикир

Оставить комментарий