• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда кылмыштуулук 16 пайызга азайды – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 6 ай аралыгында ички иштер органдарында 19 миң 411 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 16%га азайган. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, ага министр Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ички иштер органдарынын жана ички аскерлердин жетекчилери катышты.

Жыйында ички иштер органдарынын 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына өзгөчө маани берилип, республика ичиндеги кылмыштуулуктун абалы талкууланды.

Ички иштер органдарынын күч-аракети коомдук тартипти камсыздоого, жарандардын укуктарын кылмыштуу кол салуулардан коргоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө алты ай ичинде оң натыйжалар бар экендиги белгиленди.

"Бул аралыкта ички иштер органдарында 19 миң 411 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 16%га аз катталган. Бул жалпы кылмыштуулуктун 92% түзөт, ал эми кылмыштуулуктун 8%ы башка укук коргоо органдарына (Прокуратура, УКМК, ЖАМК, МБК) туура келет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2024-жылдын 6 айында мурдагы жылдар менен бирге өндүрүштө болгон 24 миң 649 кылмыштын ичинен 14 миң 649 кылмыштын бети ачылып, 9 миң 893 иш сотко кеткен. Бул аралыкта дайынсыз жоголгон 500 адам табылган. Ал эми оор жана өтө оор кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу 200 фактыга, же 15%га аз катталганы белгиленди.

Мындан тышкары, коомдук жайларда 1009 кылмыш катталып, былтыркыга салыштырмалуу 87 кылмышка аз катталганы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий