• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт – энергетика министри

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Анын айтымында, электр кубатын пайдалануу чегинен ашпаган учурларды эске албаганда, кышкысын өлкө боюнча электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр колдонулбайт.

“Мындай учурларда абоненттерди башка трансформаторго же башка көмөкчордондорго которууну караган жөнгө салуу чаралары жүргүзүлөт. Биз өчүрүүлөр менен жөнгө салуу чараларынын ортосундагы айырманы түшүнүшүбүз керек. Өчүрүүлөр болгон учурда биздин коңшу мамлекеттер алдыдагы чектөөлөр тууралуу маалымат берип, жөнгө салуу чаралары көрүлгөндө электриктер абоненттерди башка көмөкчордондорго өткөргүчөктү 1-1,5 саат кетет. Жарандар электр жарыгысыз калбашы үчүн жөнгө салуу чаралары көрүлөт”, - деп белгиледи министр.

Таалайбек Ибраев белгилегендей, бүгүнкү күндө “Мой свет” тиркемеси аркылуу ар бир абонент менен байланыш бар болгондуктан, жөнгө салуу чаралары тууралуу билдирмелер жөнөтүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий