• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда Кытай ишканаларынын саны 400гө жетти

Коом 0

Бишкек, 11.01.19 /Кабар/. Кыргызстанда Кытай ишканаларынын саны 397 түзөт, мындан тышкары 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кабарлады.

«Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн», – деп билдирди Боронов.

Вице-премьердин маалыматы боюнча, азыркы кезде мамлекеттик долбоорлорго кытай инвестицияларынын жалпы көлөмү 2,1 млрд долларын түздү, аталган каражаттар жол инфрастуктурасын жана энергетикалык секторду жакшыртууга багытталды.

Боронов маалымдагандай, Бишкектеги жолдорду реконструкциялоо жана курууга 100 млн долларынын тегерегинде каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Ош шаарында 26,4 млн АКШ долларына бааланган заманбап оорукана комплекси курулган. Ошондой эле баасы 32 млн доллары турган ирригациялык тутумду өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий