Кыргызстанда "Кытай кыялын көздөй" стипендиялык программасына каттоо башталды

Билим 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган "Кытай кыялын көздөй" аттуу үчүнчү стипендиялык программасына каттоо башталганы тууралуу маалымдайт.

Ведомстводон билдиришкендей, катталуу 8-февралдан 20-февралга чейин жүрүп, тандоодон кийин оозеки сынак өткөрүлөт жана оозеки сынактын убактысы кошумча билдирилет.

Керектелүүчү документтер:

  • окуган жеринен аныктама (справка), орто мектептин мөөрү басылган баракча (9-11-класстар);
  • арыздын формасы, тиешелүү сертификаттар (формага тиркелет);
  • Кытайда окуу планы.

Кошумча маалымат алуу жана документтерди жиберүү үчүн: тел: +996 550 604 431 (W/A) Бурул ,+996550122201 Элмира, b.sakimbaeva@gmail.com

Жарыя - https://edu.gov.kg/announcements/343/

Пикир

Оставить комментарий