• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү жаатында кыргыз тейлөөсүн стандартташтыруу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда кызмат көрсөтүү жаатында кыргыз тейлөөсүн стандартташтыруу сунушталды. Мындай сунушун “Заман” тойканасынын негиздөөчүсү Мирлан Мамат уулу бүгүн “Улуттук нарк” сынагынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тейлөөсүн стандартташтыруу үчүн алгач демилге мамлекет тарабынан колдоого алынуусу керек.

“Мамлекеттик деңгээлде кыргыз тейлөөсү боюнча жарлык чыгарылып, концепция түзүү керек. Бир эле ишкердин кыргыз тейлөөсүн киргизүүгө күчү жетпейт. Эгерде мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө туризмди өнүктүрүүгө чоң салым болмок. Мисалы, Япониянын, Түркиянын өздөрүнүн стандарттуу тейлөөлөрү бар. Кыргызстанда деле кыргыз тейлөөсү бар, бирок стандартташтырылган эмес. Бизде орустун, француздун, түрктүн тейлөөсү аралашып кеткен. Ошондуктан, кыргыз тейлөөсүн бир стандартка бекитиш керек. Бирок кыргызча десе эле этного байланып калышат. Заманбап кыргыз тейлөөсү кандай? Муну дыкаттык менен иштеп чыгуу керек. Туристтер келгенде кыргыз тейлөөсү ушундай турбайбы деп ырахат алып кетүүсү керек”, - деди ал.

Өз кезегинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев аталган демилгени колдоого аларын билдирди. “Туура көйгөйдү көтөрүп жатасыз. Демилгени мамлекеттик деңгээлде караганы даярбыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий