• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү – Туманбаев

Коом 0


Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Аталган мекеме санариптик технологияларды колдонуу менен документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.

Мындан сырткары:

  • Аймактарда жана шаарларда жаңы тейлөө борборлорунун курулушу башталат;
  • Мурдагы тейлөө жайларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт;
  • Калк үчүн ыкчам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтардын спектри кеңейтилет.

“Бул иш-чаралар сиздердин күнүмдүк жашооңуздарды жеңилдетүү жана мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн багытталган. Жакын арада жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири маалымат менен бөлүшөбүз”, - деди Туманбаев.

Эске салсак, аз убакыт мурда Калкты тейлөө борборлору президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн.

Пикир

Оставить комментарий