Бишкек, 23.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылы "Коопсуз лифттер" долбоорунун алкагында лифттер диспетчирлөөчү борбор курулат. Бул тууралуу SKY Industrial Group ишканасынын жетекчиси Рахат Жунушбаева маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү лифттерде диспетчирлөө системасы жок болгондуктан лифтте камалып, үрөй учурган терс көрүнүштөгү окуялар көп кездешип келет.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 5 миңден ашуун лифт бар. Алардын ичинде аябай эскирген лифттер ошону менен катар, жаңы лифттер дагы бар. Бирок, бул лифттердин 80 пайызына диспетчирлөө системасы коюлган эмес. Диспетчирлөө системасы боюнча бир аз түшүндүрүп кетсем. Эгерде лифттин ичине бирөө камалып калган болсо, дароо диспетчерге лифт бузулуп калды деген маалымат берилет. Камалып калган жаран диспетчерге менен түз байланышта болот.
Эми биз бул системаны буйруса бардык лифтке киргизебиз. Учурда биз бул долбоорду өкмөткө жана мэрияга сунуштап жатабыз. 2025-жылы “Коопсуз лифттер” долбоорунун алкагында лифттерди көзөмөлгө алган атайын борбор курабыз. Кыргызстандын ар бир шаарындагы, ар бир районундагы орнотулган лифттер диспетчирлөөчү борбордун көзөмөлүндө болуп турат. Себеби, лифтте камалып калып, терс көрүнүштөгү окуялар бизде көп кездешип келет. Кээ бир учурларда жарандар 5 суткага чейин камалып калган учурлар кезедешет. Бул абдан кооптуу, кээ бир адамдарда клаустрофобия болушу мүмкүн. Мындан сырткары, кичинекей балдар калып калган учурлар болот. Ошондой эле бул системанын жардамы менен лифтти аралыктан эле оңдоп койсо дагы болот. Башкача айтканда, оңдоочу механиктерди жерине жөнөтүп отуруунун кереги жок",-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий