• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда лизинг келишимдеринин олуттуу өсүшү белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. 2023-жылы лизинг ишмердигин 20 компания жүргүздү, алар менен 3 миңге жакын келишим түзүлдү, ал эми 2022-жылы алардын саны 2 миңге жакын келишимди түзгөн.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

Мындай келишимдердин жалпы наркы 2023-жылы 6,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 1,7 эсеге ашты.

Финансылык лизингдин түзүмүндө транспорт каражаттары лизинг предмети болгон келишимдердин наркынын үлүшү 2022-жылы 17,5 пайыздан 2023-жылы 27,8 пайызга чейин көбөйдү, ошол эле убакытта айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 12,3 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Муну менен бирге 2023-жылы финансылык лизинг келишимдеринин эң чоң суммасы (3 млрд сом же 44,2 пайыз) курулуш-жол техникаларды, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.


Лизинг ишмердиги — лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же зайымдык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

Пикир

Оставить комментарий