• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Кыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын I эл аралык көргөзмөcү ачылды

Экономика 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине экономика министринин орун басары Назарбек Малаев, КР Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубевдин жана айрым мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары ата мекендик Biexpo жана башка компаниялар.

Көргөзмөнүн негизги максаты транспорттук логистиканы өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулоо, тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү эл аралык платформаны түзүү, логистикалык компаниялардын ортосундагы алдыңкы өнүгүүлөр, соода жана логистика тармагындагы акыркы тренддер, технологиялар, инновациялар жөнүндө билим алуу, ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.

Бул көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Түркиянын 35тен ашуун ири эл аралык компанияларынын өкүлдөрү катышууда, алар логистика, кампа жабдуулары жана транспорт жаатындагы жаңы иштеп чыгууларды, жабдууларды жана кызматтарды көрсөтүшөт.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Назарбек Малаев акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан экономикалык реформалар, инфраструктуралык жана санариптик долбоорлор транспорттук-логистикалык процесстерди өнүктүрүүнү тездеткенин, бул чөйрөдө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгы жана экономикалык процесстерди мындан ары өнүктүрүүдө жана мамлекет, бизнес, илимий мекемелер жана эксперттик коомчулуктун өз ара аракеттешүүсүн чыңдоодо маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий