• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок, бирок алдын алуу чаралары көрүлүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталбган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуую Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында адамдан адамга жугуучу маймыл чечек оорусу кескин өсүүдө.

Жыл башынан бери Конго мамлекетинде ооругандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчүнөн кыйла ашып, ооругандардын саны 15 600 адамды түзгөндүгү айтылууда. Андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Африкадан тышкары, Швеция менен Пакистан өлкөлөрүндө дагы оорунун эки учуру катталгандыгы белгилүү болду.

КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан маймыл чечек оорусунун келип чыгышын алдын алуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө, бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара постордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пунктарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө санитардык карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды өз убагында аныктоо үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган.

КР Саламаттык сактоо министрлиги ДСУнун техникалык колдоосу менен 2022-жылы маймыл чечек вирусун аныктоо үчүн 3000 ПЧР тест-системаларын алган. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Ош шаардык санитардык кызмат борборунун лабораториялары эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык маймыл чечек оорусу боюнча абалы туруктуу эмес өлкөлөрдөн кайтып келген адамдарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө. 2024-жылдын 19-августуна карата 500 ПЧР тест системасы бар.

Бүгүнкү күндө маймыл чечек оорусуна каршы алдын алуу иштер улантылууда, ооруну эрте аныктоо үчүн кошумча ПЧР тест системаларды алуу боюнча чаралар көрүлөт, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте иш алып барылат ошондой эле калкка маймыл чечек оорусу боюнча өз убагында маалымат берилип турат.

Маймыл чечек оорусуна байланыштуу айрым өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий