• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда майыптыгы бар 217 миңден ашык адам жашайт

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда майыптыгы бар 217 миңден ашык адам жашайт. Бул тууралуу "Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды инклюзивдүү жумушка орноштуруу" форумунда айтылды.

Форумду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министтрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте уюштурган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн министр Жылдыз Полотова Кыргызстанда 217 миңден ашуун майып адам бар экенин, алардын 29 миңге жакыны экономикалык ишмердүүлүк менен алектене алышарын белгиледи.

"Анын ичинен 2,3 миңден ашыгы жумуш менен камсыз болду. Президент Садыр Жапаровдун майыптуулугу бар жарандардын өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү саясатынын алкагында министрлик бул багытта активдүү иш алып барат. Жыл башынан бери майыптуулугу бар 500дөн ашык жаран жумушка орношуп, кесиптик окууга жөнөтүлдү. "Социалдык контракт" программасынын алкагында өз бизнесин ачкан майыптуулугу бар жарандардын саны 1,8 миңден ашты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий