Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, — деди Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров бүгүн, 21-февралда «Ишкердиктин каржылык мүмкүнчүлүктөрүн «Кепилдик фонд» ААК аркылуу жогорулатуу жана мамлекеттик жеке-өнөктөштүк» аталыштагы маалымат жыйынында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Экономика министринин орун басары билдиргендей, мамлекеттик жеке-өнөктөштүк – бул Кыргызстан үчүн жеке сектор инвестицияларын тартуу боюнча жаңы аспап болуп саналат.

«Мамлекеттик жеке-өнөктөштүктү натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому аркылуу 2016-2021-жылдарга Мамлекеттик жеке-өнөктөштүктү өнүктүрүү програмасы бекитилген. Учурда аймактарды өнүктүрүү Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналгандыктан, мамлекеттик жеке-өнөктөштүктү аймактарда активдүү жайылтуу актуалдуу болуп саналат», — деди министрдин орун басары. Ал эскерткендей, Кыргызстанда мамлекеттик жеке-өнөктөштүк тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган бардык чаралар аталган мыйзамды аткаруу иретинде жүргүзүлүүдө.

«Экономика министрлиги республикада МЖӨ өнүктүрүү маселесине чоң маани берет. МЖӨ негизинде инфраструктура обьектилерине тартылып жаткан жеке инвестициялар инфраструктура тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу аспап катары боло алат. Мындан тышкары, мамлекеттик ресурстардын чектелген жана тартыштык шартында механизмдерди пайдалануунун оңдуу натыйжасы дүйнөлүк тажрыйбада тастыкталган», — деди Эльдар Абакиров.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик жеке-өнөктөштүк долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эл аралык тийиштүү практиканын бардык талаптарына жооп берген нормативдик-укуктук база бар, инстуционалдык база калыптанган, аткаруучу орган катары – Экономика министрлиги жана Финансы министрлигинин атынан тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган, ошондой эле долбоорду ишке ашырууну даярдоо жана көмөк көрсөтүү үчүн жооптуу орган – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жылдыруу жана экспорт боюнча агенттик киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий