• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда медициналык камсыздандыруу жана жарандардын укуктары боюнча тренингдер өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда медициналык камсыздандыруу жана жарандардын укуктары боюнча тренингдер өтүүдө.

Милдеттүү медициналык камсыздардыруу фондунан билдиришкендей, тренингдер жарандардын укуктары жана медициналык камсыздандыруунун артыкчылыктары жөнүндө маалымдоого, социалдык тармактарды жана мессенджерлерди натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Бул иштер жарандардын медициналык кызматтарга болгон маалымдуулугун жана канааттануусун жогорулатып, саламаттык сактоонун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Окутуу Бишкек шаарында, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында өттү. Жакынкы убакта өлкөнүн калган региондорун да камтыйт.

Мындай иш-чаралар жаштардын, аялдардын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, диний лидерлердин, айылдык ден соолук комитеттеринин жана ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин катышуусунда уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий