• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда медреселердеги билим берүү процессине мониторинг жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. “Медреседеги билим берүү процессинин мыйзам талаптарына шайкештигине мониторинг жүргүзүү” изилдөөсүнүн жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришти.

Комиссиядан маалымдашкандай, бул изилдөө Кыргызстандын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2022–2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү. Анда диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү аркылуу окуу-методикалык жана техникалык талаптарга шайкештиги бааланды.

Изилдөөнүн жыйынтыктары медреселердеги билим берүү процессинин учурдагы абалын баалоого жана мыйзамдарга ылайык диний билим берүү системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бергендиги айтылууда.

Ал арада Диний кырдаалды изилдөө борборунун кызматкерлери медресенин окуучуларына жана кызматкерлерине бул изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аймактардагы өкүлдөрү катышуучуларга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат темасында лекцияларды окушту.

Пикир

Оставить комментарий