• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктар чыгарыла баштайт

Коом 0

Бишкек, 25.07.24. / Кабар/. Кыргызстанда Meken брендиндеги ноутбуктар чыгарыла баштайт.

“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунан билдиришкендей, “Кыргызэлектроника” ишканасы Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин колго алды.

Алар буга чейин кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алган. Аталган компания Аcer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу компаниялардын бири экени белгилүү.

Эми кыргызстандыктарга, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды, планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ишкананын бардык продукцияларын ke.kg сайты аркылуу маалымат алып, буюртма берүүгө болот.

"Кыргызиндустрия" ААКсы быйылкы жылга бир катар чечкиндүү пландарды коюп, учурда аны ишке ашыруу максатында конкреттүү иштерди аткарып жаткандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий