• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 12%га көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 37 млрд сомго жакын суммада кредиттер берилди, аны алуучулардын саны 533 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 12%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 29%га көбөйдү.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 20%дан ашыгы) жана Жалал-Абад облустарына (17%дан ашык), ошондой эле Бишкек ш. (16%) жана Чүй облусуна (13%) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%ы), Ош (дээрлик 17%ы), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (16%дан) алуучуларына берилди.

2023-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%га жакыны - керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы - айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 11,5%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6%ы курулушка багытталды.

2023-жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли 90,9%ды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 пайыздык пунктка төмөн.

Пикир

Оставить комментарий