• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кыргызстанда мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссияны жоюу сунушталууда

Экономика 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Улуттук банк мобилдик тиркеме аркылуу акча которууларда комиссия алууга тыюу салууну сунуштады. Мындай сунуш финансылык жөнгө салуу органынын коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда айтылат.

Документте мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн улуттук валютада акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча комиссиялык төлөмдөрдү алууга тыюу салуу каралган.

Улуттук банк токтом долбоору накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, калк үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыкканын билдирди.

Ошондой эле долбоор акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатын дагы көздөйт.

Улуттук банк 2003-жылдан тартып накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны баскыч-баскычы менен ишке ашырып жатканын белгиледи.

Эми токтом долбоору 20-сентябрга чейин коомдук талкууда турат.

Пикир

Оставить комментарий