• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын милдеттүү түрдө маркалоо башталды

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. 1-октябрда Кант шаарындагы мунай базада молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын маркалоо системасы расмий түрдө ишке кирди.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жана "Учкун" ААКсынын отунду маркалоо операторунун өкүлдөрү катышты.

Бет ачарда катышуучуларга молекулярдык маркерди колдонуу менен маркалоо жана маркаланбаган отун майын аныктоо процесси көрсөтүлдү. Адистер бул технологиянын негизги артыкчылыктары тууралуу айтып беришти.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензинди жана дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Ошол эле учурда, 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.

Маркалоо системасында колдонулган молекулярдык маркер отун структурасына кирген, жууп салууга мүмкүн болбогон уникалдуу кошулма болуп саналат. Маркерди текшерүү бардык керектүү талаптарга ылайык тастыкталган атайын куралдардын жардамы менен жүргүзүлөт.

Бул системаны киргизүү күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана отун майынын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Маркалоонун бул ыкмасы бир катар өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп жатат. Бул мунайзаттарын мыйзамсыз сатууну жана отундун сапатындагы жана көлөмүндөгү алдамчылыкты токтотууга мүмкүндүк берет.

Отун майын маркалоо анын өндүрүшүнүн жана импортунун көлөмүн эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылат, ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзөт, керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргойт, ошондой эле КММга акциз салыгын башкарууну жакшыртат жана өлкөнүн бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтөт.

Пикир

Оставить комментарий