• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда мотоцикл жана скутерлердин айдоочуларына карата рейд жүрөт

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Акыркы учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алар айрыкча түнкүсүн жарандардын уйкусун бузуп, катуу ылдамдык менен айдап, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратууда.

Ошол себептүү башкармалык жол кырсыктарынын алдын алуу максатында эртеңден баштап, өлкө аймагында мотоциклдерге, скутерлерге карата чоң масштабда рейддик иш-чараларды жүргүзөт.

Мотоцикл, скутерлерди тийиштүү докумменттери жок айдаган жарандарга айып салынып, мотоцикл, скутерлери айып короо жайына токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий