Кыргызстанда муктаж болгон 100гө жакын бейтаптын жүрөгүнө бекер операция жасалат

Ден соолук 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Сауд Араб Падышачылыгынын элчиси Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ушул жылдын 10-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди.

"Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасатары күтүлүүдө. Ошондой эле алар өздөрү менен кошо 500 миң долларды түзгөн каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары айтылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө КР Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий