• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда мурда реанимацияда жаткан бейтап айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20 /Кабар/. Кыргызстанда мурда реанимацияда жаткан бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, республикада 17-апрелге карата коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын тогузу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарылангандар.

Оорукананын бөлүм башчысы Канат Искаковдун айтымында, ооруканалардан чыгарылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык, алардын ичинде 6 жаштагы бала бар.

“Бүгүн ооруканадан чыгарылып жаткан бир бейтап бизге оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Ага интенсивдүү жардам көрсөтүлүп, бүгүн ал айыгып ооруканадан чыгарылууда. Жаңы оору ар кандай даражадагы оордукта болот. Аны дарылоо ыкмасын аныктоо үчүн дарыгерлер консилиуму өткөрүлөт. Консилиум чечим чыгарып жана дүйнө жүзүндөгү тажрыйбага ылайык дарылоону белгилейт. Вируска каршы дарылар бардык эле бейтаптарга берилбейт. Эгер бейтаптын абалы жакшы болсо ага, башка дары-дармектер, витаминдер берилет”, - деп билдирди Искаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 489га жетет. Алардын ичинен 114 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий