Бишкек, 30.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандагы жаңы ишке кирген өнөр жай ишканаларында жумуш орундары түзүлүүдө. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Назира Төлөндиева “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кеминдеги "Терек-Таш" цемент заводундай жана курулуш материалдарын чыгарган ишканадай өнөр жай объекттеринин ачылышы өлкөнүн курулуш жана турак жай секторун өнүгүүсүнө түрткү берет. Ошондой эле социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет.
“Биринчиден курулуш индустриясынын өзүндө да, ага байланыштуу тармактарда да жаңы жумуш орундары түзүлөт. Анткени, ишканалар көп эмгекти талап кылат. Экинчиден, жеке жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу экономикадагы инвестициянын жалпы деңгээлин жогорулатат. Түшкөн каражатка жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошо турган жаңы объектилерди курууга болот. Анда да кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономикалык туруктуулук жакшырат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий