• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. 2024-жылы өлкөдө негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулады, деп билдирет Улуттук статистикалык комитет.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата абалы боюнча, алгачкы кабыл алынган салмакта 617,4 миң тонна дан жыйналып, бул 51 пайызга көп.

Ошону менен бирге өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок) 224,9 миң гектардан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,4 пайызга аз бастырылды.

Өткөн жылдын ушул күнү менен салыштырганда, арпанын дүң жыйымы (67,6 пайызга), буудай (38,8 пайызга), бахча өсүмдүктөрү (37,5 пайызга), мөмө-жемиштер (29,1 пайызга) жашылча (15,3 пайызга) жана картошка (6,9 пайызга) өскөн.

Жалпы республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган аянтына карата - 37 пайызды түзүп, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында -57 пайыз, Жалал-Абад облусунда - 36 пайыз жана Ош облусунда - 31 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий