Кыргызстанда "Нелегал-Трафик" рейдинин жүрүшүндө 6,7 млн сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 3-9-июнь аралыгында "Нелегал-Трафик" ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпысынан 1 352 укук бузуу аныкталды, анын ичинен:

  • Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу — 15;
  • чек арадагы эмгек мигранттары тарабынан Кыргызстандагы эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин бузуу — 87;
  • чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргызстанга чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын болуусунун белгиленген тартибин бузуу — 251;
  • чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргызстанда болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн, же транзиттик жүрүштүн эрежелерин бузуу — 960;
  • мыйзамсыз миграцияны уюштурган — 39 факты.

Ошондой эле мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 2 факты, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 7 кылмыш аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө 2 ок атуучу куралдар алынды. Жалпы суммасы 6 млн 771 миң сом айып салынды.

Мындан тышкары, операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекеменин иши токтотулду. Анда жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө дин сабагы уруксаты жок окутулган. Аталган мекеме толугу менен жабылып, таалим алгандар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Талкуу чет мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган укук бузууларды, ошондой эле аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибинин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий