• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда нотариустар аркылуу бардык маанилүү бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Жакын арада Кыргызстанда нотариустар аркылуу бардык маанилүү бүтүмдөр манжа издери менен жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, министрлик ушул жылдын аягына чейин жаңы тартип боюнча нотариустардын ишин даярдоону бүтүрүүнү пландоодо.

"Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариустан манжа изин идентификациялоодон өтүп, бүтүмдү видеокамерага түшүрүү керек. Эми сиз тааныш нотариустар менен бүтүмдөрдү жүргүзүп, анан бир айдан кийин кол кое албайсыз. Айрыкча кыймылсыз мүлк менен операциялардын аткарылышына байланыштуу фактылар боюнча катуу көзөмөл болот. Кандайдыр бир деңгээлде бул татаалдашуу жана бюрократизация, бирок бул бизге керек. Эми маанилүү нотариалдык бүтүмдөр манжа издери аркылуу ишке ашырылат", - деди министр.

Ал жаңы эреже соттордогу иштердин санын кыйла азайтат деп түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий