• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстанда окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо боюнча 10 борбор түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев окуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачыла турган кесиптик лицейлердин директорлору менен иш багыттарын талкуулады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууга билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы катышты.

Аталган борборлор республиканын бардык облустарында жайгашкан 10 кесиптик лицейдин базасында Эмгек жана Билим берүү министрликтеринин биргелешкен буйругуна ылайык түзүлгөн.

"Борборлор тышкы миграция жаатындагы маселелерди чечүү, эмгек миграциясынын географиясын кеңейтүү, өлкө ичинде эмгек кадрларынын көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ачылууда. Бавариянын Экономика министрлиги менен курулуш, отун технологиялары, тамак-аш жана жеңил өнөр жай сыяктуу негизги тармактык багыттар боюнча борборлорду жабдуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Ошондой эле жакын арада Австрияда жайгашкан миграциялык процесстерди өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен меморандумга кол коюу пландаштырылууда. Бул уюмдун бюджети 9 млн еврого жакын, анын ичинде Кыргызстан үчүн жаңы миграция борборлорун түзүү боюнча долбоорду баштап жатат", - деди Базарбаев.

Жолугушууда түзүлүп жаткан 10 борбор Кыргызстандын ички рыногу үчүн да, чет өлкөгө эмгек миграциясына кетип жаткан жарандар үчүн да эмгек кадрларын окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып барары айтылды.

Иш менен камсыз болбогон калк жана жумушсуз жарандар, калктын социалдык жактан аялуу катмары, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар, иш берүүчүлөрдүн сунуштары боюнча ишканалардын, уюмдардын кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү окутуу курстары уюштурулат, ал эми билим берүү программалары санариптик куралдарды жана гибриддик окутуу форматтарын колдонууга ылайыкташтырылат.

Белгиленгендей, окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору төмөнкү кесиптик лицейлердин базасында уюштурулат:

- №3 кесиптик лицейи Бишкек шаары,
- № 4 кесиптик лицей – Бишкек шаары,
- №10 кесиптик лицейи– Бишкек шаары ,
- № 14 кесиптик лицей – Каракол шаары,
- №23 кесиптик лицейи - Токмок ш.,
- №57-кесиптик лицейи - Баткен шаары,
- №75 кесиптик лицейи-Жалал-Абад ,
- №87 кеситик лицейи Нарын шаары
- №90 кесиптик лицейи - Талас шаарыны,
-№113 кесиптик лицейи – Ош шаары

Пикир

Оставить комментарий