Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасынын облустук этабы башталды

Билим 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук III этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиаданын облустук баскычына райондук жана шаардык этапта жеңишке жеткен 1 миң 739 окуучу катышууда.

"Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий