• 85.8
  • 93.46
  • 0.87

Кыргызстанда онкологиялык ооруларды дарылоого жана диагностикага 20 миллиард сом сарпталат

Ден соолук 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда онкологиялык ооруларды, өпкө рагын дарылоого жана диагностикага 20 миллиарддан ашык сом сарпталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук онкология жана гематология борборунун онкохирургия бөлүмүнүн башчысы, профессору Мукаш Бейшембаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өпкө рагына чалдыккандардын саны 500дөн ашат. Бул кичинекей өлкө үчүн чоң көрсөткүч.

Эсептөөгө ылайык, республика боюнча жыл сайын өпкө рагын диагностика кылуу үчүн 20 миллиарддан ашык сом жумшалат, ошол эле учурда, Саламаттык сактоо министрлигинин бюджети анчалык чоң эмес.

Бейшембаев белгилегендей, бизнес коомго пайда алып келиш керек, бирок Кыргызстанда тескерисинче, мамлекет 100 эсе көп жоготуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий