• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда Орозо айтта 10 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айтта 10 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин борбордук аппаратында нускамалык кеңешме өткөрүп, ага борбордук аппараттын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Орозо айт күнү республиканын аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жер-жерлерде нускамаларды өткөрүү тапшырмасы берилип, республика боюнча Орозо айт майрамында коомдук тартипти сактоого 10 миңден ашуун милиция кызматкери тартылары айтылды.

"Бардык жетекчилер аткаруучулук тартипти, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо башка мамлекеттик органдары жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруусу зарыл. ИИМдин коомдук тартипти камсыздоого багытталган тапшырмалары кынтыксыз аткарылышы керек", - деди министрлин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий