Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айы 13-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муфтият Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде 2021-жылдагы ыйык Рамазан айынын биринчи күнү деп 13-апрель белгиленди.
Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.
Пикир
Оставить комментарий