• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июнь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 5,2 %га өскөн.

2024-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердиги (41,5 %), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (30,7 %), курулуш (27,2%), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (27,0 %), пайдалуу кендерди казуу (24,1 %), кыймылсыз мүлк операциялары (22,6 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (21,4 %), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (16,4 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (16,1 %) чөйрөлөрүндө байкалды.

Пикир

Оставить комментарий