• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстанда протездер менен камсыздоонун онлайн платформасы ишке киргизилет

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда ATILAN эл аралык теле-реабилитациялык санариптик долбоору ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү меморандумга Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси менен Сколковонун "Моторика" резидентинин ортосунда кол коюлду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан КМШда бул пилоттук долбоорду ишке ашырган биринчи өлкө болот.

Долбоор сайт, мобилдик тиркеме, маалымат базалары сыяктуу өз ара байланышкан маалыматтык системалардын комплексин камтыйт.

Бул комплекс майыптыгы бар адамдар менен, кол, бут протездерин, кресло-коляска өндүрүүчүлөрү, протездөө борборлору, кайрымдуулук фонддору жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

ATILAN эл аралык теле-реабилитациялык санариптик долбоору төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • техникалык реабилитациялык жабдуулардын жана протездик-ортопедиялык буюмдардын каталогу;
  • техникалык реабилитациялык жабдууларды жана протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого электрондук арыз берүү;
  • техникалык реабилитациялык жабдууларды жана протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого билдирмелерди эсепке алуу жана башкаруу;
  • бейтаптарды каттоо жана ырааттуулугу;
  • протездерди пайдалануучунун активдүүлүгүн белгилөө үчүн мобилдик операторлор аркылуу протездерди чиптөө;
  • реабилитациялоонун техникалык каражаттарын жана протездик-ортопедиялык буюмдарды пайдалануу боюнча статистика;
  • кабарлоо системасы, окуялар ж.б;
  • протездерди колдонуу жана багуу боюнча нускама;
  • протездерди колдонуу жана кароо боюнча нускама;
  • контролдоо жана чыгаруу формалары.

Пикир

Оставить комментарий