Кыргызстанда рейддин алкагында маршруттун айдоочуларына 1,2 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда маршруттук унааларга карата "Коомдук транспорт" аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч күн ичинде 582 протокол толтурулуп, жалпы 1 млн 262 миң 500 сомго айып салынды. Анын ичинен

  • техникалык бузуктары аныкталган 20 айдоочу;
  • каттамга чыгаарда техникалык кароодон өтпөгөн 73 айдоочу;
  • Техникалык бузуулары менен каттамга чыгарган 7 фирманын механиги;
  • лицензиясы жок каттамга чыккан 56 айдоочу;
  • туура эмес жерлерден жүргүнчүлөрдү салып, түшүргөн 260 айдоочу;
  • кошумча жабдууларды мыйзамсыз орнотуп алган 28 айдоочу;
  • эл аралык каттамдарга чыгуу учурунда жүргүнчүлөрдү ашыкча алган 15 айдоочу.

Белгиленгендей, аталган иш-чара өлкө аймагында маршруттук унаалардын катышуусунда жол кырсыгынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу маршруттук унаалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган.

Анткени, быйылкы жылдын төрт айында маршруттук унаалардын катышуусунда 111 жол кырсыгы катталып, 185 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 5 жаран көз жумду. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу бир топ көп.

Ал эми 2023-жыл ичинде коомдук транспорттордун катышуусунда 276 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 623 жаран ар кандай жаракаттарды алып, тилекке каршы 24 жаран көз жумган.

"Урматтуу жарандар эгерде сиздер коомдо кылмыш жана кырсык, ошондой эле жол эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуз “102” номуруна же ЖКККББнын (0777) 102-102 WhatsApp номуруна тезинен кабарлап койсоңуз болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий