• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда Россия киносунун күндөрү өтөт. Кирүү акысыз

Маданият 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 11-апрелден 14-апрелге чейин Россия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлайт.

Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен Роскино тарабынан уюштурулган.

Бул жылы көрүүчүлөргө орус тилиндеги кыргыз субтитрлери менен «Вызов», «Снегирь», «По щучьему велению», «Воздух», «Чебурашка» көркөм тасмалары тартууланат.

Тасмалар Бишкек жана Ош шаарларында көрсөтүлөт:

Бишкек, “Манас” кинотеатры, Ч. Айтматов проспектиси, 47а дареги

11-апрель 19.00 – «Вызов»

12-апрель 19.00 – «Снегирь»

13-апрель

  • 15.00 – «По щучьему велению»
  • 19.00 – «Воздух»

14-апрель 15.00 – «Чебурашка»

Ош, «Семетей» кинотеатры, Раззаков көчөсү, 8 дареги

12-апрель 19.00 – «Вызов»

13-апрель

  • 15.00 – «Чебурашка»
  • 19.00 – «Снегирь»
  • 21.00 – «Воздух»

14-апрель 15.00 – «По щучьему велению»

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий