• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Кыргызстанда өрттүн саны 49,8 пайызга көбөйдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5 айында Кыргызстан боюнча 1 миң 302 өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49,8 пайызга көп.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, материалдык чыгым 343 млн сомду түздү.

Өрттүн кесепетинен 24 адам каза таап (2020-жылы 8 адам), 31 киши жабыркаган (2020-жылы 13). Тилсиз жоодон 10 адам куткарылды.

Статистика боюнча өрт кырсыктарынын 66,1%дан көбү турак-жай секторунда чыгат.

Пикир

Оставить комментарий