“Кабар” агенттиги акыркы учурда коомчулукта талкуу жараткан интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоору, ошондой эле Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу мамлекет башчысынын пикирин укту.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!
— Саламатчылык!
— Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда комитетте каралып, коомчулукта талкуу жаратууда. Айрым депутаттар жана ММКлар бул мыйзамды кайра чакыртып алыш керек дешүүдө. Бул демилге боюнча сиздин позицияны билсек?
— Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири бири менен урушса интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ММКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ММКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап ал маалыматты өчүрүшөт. Бир эле мисал келтирейин. Кечээ жакында эле «Азаттык» мен жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишти. Ай бул эмне кылганыңар? Эмнеге президент жөнүндө жалган маалымат таратып жатасыңар деп басма сөз катчым телефон чалса: «Кечирип койгулачы, мына дароо өчүрдүк» деп өчүрүп коюшту. Ал маалымат бир сутка илинип турду. Аны канча киши укту. Биздин эле өлкөдө эмес, дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык өлкө укту. Алар «Азаттык» жалган айтып атканын кайдан билсин. «Азаттыктын» бул кылыгы үчүн сотко берсем болот беле? Албетте болот эле. Бирок унчукпадым. Кой сөз эркиндиги болсун биздин өлкөдө деп. Бирок бул кылыктары сөз эркиндигине жатпайт. Мына ушундай жалган жана элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды таратып жатышкандар үчүн демилгелеп жаткан мыйзам болсо керек. Парламентке жетип талкуу башталсынчы анан көрөлү.
— Жакында массалык башаламандык чакырууга айыпталган он бир журналисттин соту болуп, прокурор алардын ар бирине алты жылга эркиндиктен ажыратуу жазасын сурады. Бул маалыматты бир катар эл аралык уюмдар, эксперттер сөз эркиндигине кысым катары сыпатташууда. Буга байланыштуу Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай деген суроо туулат?
— Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Ал эми «11 журналист» дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтуругузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт.
— Суроолорубузга ачык жооп бергениңиз үчүн сизге ыраазчылык билдирем.
— Рахмат. Ишиңерге ийгиликтерди каалайм.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев
Пикир
Оставить комментарий