Кыргызстанда салттуу билим боюнча “Каада-салт Time” сынак-челленджи жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда салттуу билим боюнча “Каада-салт Time” сынак-челленджи жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Сынакка 15 жаштан 18 жашка чейинки жогорку класстын жана 1-курстун студенттери катыша алат. Алар “Айыл өнүктүрүү фонду” (Rural Development Fund) коомдук фонду тарабынан жарык көргөн китептерде камтылган каада-салттар жана улуттук оюндар жөнүндө айтып бериш керек.

Сынак 25-апрелде башталып, 15-майда аяктайт.

Салттуу билим жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Кеңеш Шапаков белгилегендей, сынак-челленджге катышууну каалагандар rdf.kg.library сайтынан фонддун китептеринин электрондук түрү менен таанышса болот. Фонддун китепканасында кыргыз, орус жана англис тилдериндеги китептер бар.

“Сынактын талаптарында көрсөтүлгөндөй, катышуучулар өзүдөрүнүн Instagram баракчасы аркылуу фонддун китептеринен үзүндүлөрдү айтып берип, каада-салттар жана оюндар тууралуу кыскача макала же видео тартуусу шарт. Алар RDF фондунун социалдык тармактардагы баракчаларына катталып, белгилеши зарыл. Ошондой эле #КаадаСалтTime #РДФ20лет #20жылРДФ #StepUp хэштегин көрсөтүүлөрү кажет. Катышуучулардын баракчалары ачык болуусу керек. Кимдин жазган посту көп окулса, окурмандарга жагып, көп пикирлерди топтосо жеңүүчү болуп саналат”, - деди ал.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө смартфондор, планшеттер жана кулакчындар тапшырылат.

Сынак-челлендждин башкы максаты – салттуу билимди алдыга жылдыруу. Мындан улам кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары балдардын адамдык сапаттарга ээ болуусуна мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, “Айыл өнүктүрүү фонду” коомдук фондуна быйыл 20 жыл толду. Бул убакыт ичинде ийгиликтүү аяктаган 100дөн ашык долбоорлордун алкагында, 15 миңдей кыргызстандыктар колдоолорду алышты.

Пикир

Оставить комментарий