• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстанда салык декларациясын туура эмес тапшыргандарга 6 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 2 511 кызматкерге 6 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары тарабынан 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда мамлекеттик жарандык кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2023-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 2 511 кызматкерлерге карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жиберилген. Натыйжада 1 510 кызмат адамдары жалпы суммасы 6 млн 40 миң сомду түзгөн айып пул түрүндөгү жаза чарасына тартылышты.

Ал эми калган кызматкерлердин иши кароо стадиясында.

Пикир

Оставить комментарий