• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү 5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу дээрлик 17 млрд сомго көп жыйналды. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 138 млрд 561,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

"Муну менен план 5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүсү 22 млрд 395,8 млн сомго көбөйгөн же өсүү темпи 119,3%ды түздү. Анын ичинде 101 млрд 254,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 281,6 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу 16 млрд 807,1 млн сомго көп жыйналды, өсүү темпи 119,9%га жетти. Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 37 млрд 307,3 млн сом болду, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 млрд 588,7 млн сомго көп", - деди ал.

Бекболот Алиев белгилегендей, салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртуунун, ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүүнүн аркасында пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий