Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Билим берүү системасындагы үч негизги реестр – окуучулардын реестри, мугалимдердин реестри жана билим берүү мекемелеринин реестри санариптештирүү өткөн жылдын негизги жетишкендиктеринин бири болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министрдин айтымында, 2025-жылы бир катар маанилүү санариптик кызматтарды ишке киргизүү пландаштырылууда.
Алар:
- «Электрондук күндөлүк» мамлекеттик улуттук тиркеме, ал бекер болот жана бүтүрүүчүлөргө «Түндүк» тиркемесинин санариптик документтер бөлүмүндө алардын жетишкендиктери жөнүндө актуалдуу маалыматты алууга мүмкүндүк берет, анда санариптик сертификаттар дароо көрсөтүлөт.
- Башталгыч, орто жана жогорку билим жөнүндө санариптик дипломдор.
Пикир
Оставить комментарий