• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда санариптик долбоордун алкагында ымыркайлар толугу менен каттоого алынууда

Коом 0

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 10 пайызы ар кандай себептерден улам, туулгандыгы катталбай келген. Бул статистикалык жактан текшерилген маалыматты санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн балдарды каттоо үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштелип чыккан долбоор дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди.

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан "Келечек" саммитинде сүйлөгөн сөзүндө да, санариптештирүү багытында Кыргызстан ийгиликтерге жетишип жаткандыгын белгилеген.

“Биз ошондой эле Келечек муундар жөнүндө Декларацияны кабыл алууну колдойбуз, анткени дал ошол кийинки муундар биздин бүгүнкү чечимдерибиздин жүгүн өз мойнуна алышат. Туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышын олуттуу тездетишибиз керек. Биз өтө жакырчылыкты жоюуда, инфраструктураны өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө, ошондой эле “жашыл” экономикага өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик”,- деди Жапаров.

Кутнаева маалымдагандай, бул санариптик долбоордун алкагында жаңы төрөлгөн балдарды 100 пайыз каттоого алуу, толук документтештирүү максаты коюлган.

“Жаңы төрөлгөн баланын ата-энеси көпчүлүк учурда өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан, никеси катталбагандыктан же башка себептерден балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк албай жүрө берген айрым учурлар бар. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарда алгач бала бакчага, андан кийин мектепке барууда, оорукана кайрылууда кыйынчылыктар жаралат. Мына ушундай балдар бизде 10 пайызды түзөт экен. Ошондуктан май айында башталган жаңы долбоордун алкагында 100 күндүн ичинде көйгөйлүү бир маселени чечүүгө демилге көтөрүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Биз жаңы төрөлгөн балдарды 100 пайыз каттоого алууну демилгеледик. Мында министрликтер кызматташуу менен иш алып барууда”,- дейт Нурия Кутнаева.

Бул санариптик долбоордун иштөө тартиби төмөнкүдөй: төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн бала Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат базасында катталып, дароо маалымат калкты каттоо департаментине келип түшөт. Эгер 60 күндүн ичинде баланын туулгандагы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн ата-энеси кайрылбаса, маалымат эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасына түшүп, социалдык кызматкерлер жашаган жерин аныктап, көйгөйү менен таанышып, жеринде иш алып барышат.

Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн команда тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында 2024-жылдын май айынан бери өз убагында каттоого алынбаган 1200 баланын 600ү туулгандыгы тууралуу күбөлүк алды, калгандары боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий